Педофилди качырбаш үчүн Бакытжан Бакиров 13-кабаттан секирип кылмышкерди кармады

Кылмышкерди кармоо операциясынын жүрүшүндө 36 жаштагы майор шектелгендин квартирасына сантехник болумуш этип кирген. Квартиранын ээси — аял киши, педофилге шектелген кишини сыртты көздөй чакырган. Тиги коридорго чыгып эле, дароо бөлмөлөрдүн бирине кире качкан. Полицейский анын артынан жөнөгөн. Бул туурасында Polisia.kz сайты билдирген.
Бул окуя Алматыда болуп өттү.
«Ал бөлмөлөрдүн бирине качып кирди да, терезенин койгучуна жармашып чыгып, ачык терезеден секирди. Мындай учурда эч нерсе жөнүндө ойлобой да каласың, эң башкысы кууп жетүү болуп калат, ошон үчүн мен анын артынан кошо секирдим», — деп айтып берди Бакиров.
Кылмышкер менен полицейский 2 кабат төмөн учуп барышып, терассага түшүшкөн. Шектелген адам качмакчы болгон, бирок Бакиров аны кармап алып кое бербей, жардамга коллегалары келгенче колунан чыгарбай кармап турган. Натыйжада кылмышка шектелген адам кармалып, камакка алынган.
Секиргенде Бакиров таманын согончогун сындырган. Андан бери үч ирээт операция болду. Бакиров секиргенде төмөн жакта терасса бар экенин да билген эмес. Оюнда жалгыз гана кылмышкерди качырып ийбей кармап калуу болгон.



