Коом

Россия Кыргызстанга жардамга 100 медик жиберип жатат

Эртең, 21-июлда, Бишкекке Россиянын коргооо министрлигинин атайын борту медициналык кызматкерлердин тобун, шаймандарды жана дары-дармектерди алып учуп келет. Бул туурасында Кыргызстандагы Россиянын элчилиги билдирген.  

Россиянын адистери Бишкектин жана Оштун ооруканаларында иштешип, жергиликтүү медиктерге жардам көрсөтүшөт.

«Булардын артынан эле Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борту да, коронавируска каршы күрөшүү үчүн адистердин чоң тобун, шаймандарды алып учуп келет. «Медициналык десанттын» саны 100гө жакын киши болот. Алар коронавирус инфекциясы менен жабыр тарткандарды дарылоо боюнча практикалык тажырыйбасы бар врачтар: эпидемиологдор, инфекционисттер», — деп айтылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле, бул жолку медициналык жардам да мурдагы сыяктуу эле акысыз эле көрсөтүлөт.

«Россиянын көмөгү Кыргызстандагы коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотконго жардам берет деп ойлойбуз”, — деп тыянактаган элчилик.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button