Маданият
Белгилүү ырчы Малик Аликеевдин эки жолку операциясы ийгиликтүү жыйынтыкталды

20 – июль күнү маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Бишкек шаарындагы №4-оорукананын травматология жана ортопедия бөлүмүндө дарыланып жаткан Малик Аликеевден кабар алды. Буга чейин ырчыга аталган ооруканада жамбаш сөөгүнө операция жасала тургандыгы айтылып, дарылоонун жүрүшү жана Малик Аликеевдин ал – абалы маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө боло тургандыгы айтылган.

Учурда Малик Аликеевге жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ал ийгиликтүү жыйынтыкталды. Жакынкы күндөрдүн ичинде ырчы ооруканадан чыгып, эми чыгармачылыгы менен алектенет.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин пресс-катчысы Айнура Асанбаева.



