Илдет 1108 адамдан аныкталды, 42 бейтап көз жумду
2020-жылдын 21-июлуна карата республика боюнча коронавирус инфекциясы жана пневмония дагы 1108 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин аттыкты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Бектургановна Акматова билдирди.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 323, Чүй областында — 122, Ош шаарында — 124, Ош областында — 93, Жалал-Абад областында — 107, Баткен областында — 61, Нарын областында – 54, Ысык-Көл областында — 154, Талас областында — 70.
Вирус аныкталгандардын жана пневмония менен дарыланып жаткандардын саны 28 миң 251ге жетти. Анын 14 миңи 776сы сакайып чыкты.
Бир сутканын ичинде 1667 киши сакайып чыкты. Жалпы 14 миң776 киши айыкты.
Акыркы суткада дагы 42 киши каза тапты. Каза тапкандардын саны 1079 кишини түздү.



