Коом
Мектептерде биринчи чейрек онлайн-режимде өтөт. Видеосабактар бир жылга даярдалды

Окуу жылынын биринчи чейреги мектептерде онлайн-режимде өтөт. Бул туурасында, брифинг учурунда КР билим жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын сөзү боюнча, министрлик эпидемиологиялык абалды жана саламаттык сактоо министрлигинин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын рекомендациясын эске алып, ушундай чечим кабыл алды.
Эгерде кээ бир аймактарда эпидемиологиялык абал жол берсе, анда окутуу салтуу режимде болушу ыктымал, деп айтты министрдин орунбасары.
Ошол эле учурда Надира Жусупбекова видеосабактар жаңы окуу жылына толук тартылып, дайындалып койгонун белгиледи.



