Коом

“Акылдуусунган” демагогдорго тиешелүү органдар неге чара көрбөйт?

«Атасына баласы үйрөтөт» деген макал эске түшүп турат. Азыр колунан элге жакшылык  келбеген, жалаң гана тили менен негативди сайраган, жалган патриот, козуткуч жаш балдар башты айланткан, баш-аягы жок, маанисиз сөздөрдү кошо калып эле акыл айтып чыга калып жатышат. Алар элдин арасына аркандай чагымчыл учкун таштап, учуру келгенде кимдирбирөөлөрдүн кызыкчылыгына өз кызыкчылыгын кошуп туруп, элдин кызыкчылыгын садага чаап жибергенге дагы даяр экендиктери байкалат. Ошондой ар нерселерди үйрөткүч «акылдуу» балдар туурасында коомчулукка алып чыгуу зарылдыгы бышып турат. Бул балакайлардын артында деле эски саясатчылар бар. Алар кимдер? Эмнени көздөп турушат? Булардан бир нерсе чыгабы? Же куру популист, жалган патриотторбу? Элдин таразасына салалы. Биз бул ирет ошондой «акылдуу» жигиттер туурасында кеп таштайлы деп турабыз.

Эммануэль Мукенов

02.06.2020-жылы  «WhatsApp», мессенжер аркылуу кайсыл бир аты-жыты таанылбаган жигиттин кайрылуусу чыкты. Анын кайрылуусу КР Президенти С.Жээнбековго багытталып, мазак, шылдың аралаш болуп, боло берет деген кыяздагы, сапаты жок, бирок элди тукурган кайрылуу болгон. Ошондуктан, тиешелүү органдар тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүрүп, бул кайрылуу 2020-жылдын 31-майында «ЭЛИМ ҮЧҮН!» (видеохостинг «YOUTUBE») каналына жүктөлгөнү жана бул автордун бул каналдагы жалгыз эле видеоролиги экени такталган. Бул «ЭЛИМ ҮЧҮН!» каналы 2019-жылдын 4-августунда түзүлгөн жана азыркы күнгө чейин болгону 93 адам гана катталган. Автор жана бул каналдын ээси 1993-жылы 24- февралда төрөлгөн, Мукенов Эммануэль Мукенович экени белгиленген. Ысык-Көл облусунун Саруу айылында  катталган Эммануэль Мукенович 2015-жылга чейин башка Марлис уулу Эрмек деген ат менен жүргөн. Ошондой эле ал Надырбеков Союзбек Надырбекович төрагалык кылган «Лидер Жаштар Клубу» коомдук бирикмесинин мүчөсү болгондугу айтылган. Азыркы тапта Мукенов Эммануэль Мукенович РФда.  

Урмат Борченов

Дагы бир Урмат Боченов аттуу жигит дагы акыркы учурларда маанисиз сындарды айтып, элди бөлүп-жарып жүрөт. Бул жигит мурда Клооп, Биринчи радио ж.б маалымат булактарында иштептир. Андан тамадалыкка өткөн. Пандемияга байланыштуу той-топур токтоп, карды ачканбы, айтор, азыркы учурда батышчылдардын балит оюунуна аралашып, элди бөлүп-жарган сөздөрдү айтып, жан багып жүрөт. 1990-жылы 7-февралда төрөлгөн. Чүй облусунун Шамшы айылынын кулуну. Бул жигит дагы «Манас» КТУ аяктаган.

Азыркы учурда элге абдан эле кыйын болуп турат. Бир эле биздин кыргыз эли эмес, бүтүндөй дүйнө эли пандемиянын азабын тартып, аны менен күрөшүүнүн жолун изтеп жатышат. Унудай учурда бул жигиттердин дагы абалдан пайдаланып, хайп жасаган айымдар менен жарышып, ооздору менен ар кайсыны сүйлөп, атын тааныткысы келгени өкүнүчтүү болуп турат. Андан көрө чуркап иштеп, ыктыярчы болушса, элге жасаган жардамы болмок. Учурда канчалаган жаштар ыктыярчы болуп, күнү-түнү чуркап, жаны тынбай иштеп атышат, алар эч кимге догун артып же жаман сөз айтышкан жок. Эл  ушундай жанын үрөп, эли үчүн күйгөндөрдү сыйлайт, урматтайт, жакшы көрөт. Ал эми  тилинен башка берекеси жок, элди козуткан эл душмандарды ким сүйөт?

Айтмакчы, бул тилдери менен  эле сайраган жигиттердин аркасында жаш ишкер жигит Тилек Токтогазиев турат экен деген дагы имиштер айтыла баштады. Белгилүү болгондой, Тилек Токтогазиев  белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев менен биригип, шайлоого аттанып жатат. Демек, батыш жыттанган балит сөздөрдү айтып, акыл үйрөтүп турган бул жаш жигиттердин артында Токтогазиев аркылуу  белгилүү саясатчы турат деп түшүнсөк да болчудай. Өз оюндары элге белгилүү болуп калгандан кийин, эбин таап, жаш жигиттерди элге каршы тукуруу аракети турган сыяктуу.

Айрымдар болсо, «Лидер Жаштар Клубу» саясатка аралашуу аракетин көрүп         жатат дешет. Эгер андай болсо, булардын катарындагы Токтогазиев  белгилүү саясатчыга бирикпейт эле.

Эмнеси болсо дагы жаңы көз караштарды, жаңы идеяларды бере турган жигиттер, саясатка барса дагы өздөрүнчө жаш күч катары биригип, аракеттенишсе деле болмок. Тилекке каршы, Тилек Токтогазиевдин эл арасындагы топтоп келе жаткан жакшы аброю башкаларга биригиши менен тоголонуп төмөнгө түшүп кеткердей. Анан агаларынын атам замандан бери белгилүү болуп калган акылы менен ар кайсыны айтып чыга башташты. Бул биринчи алардын өздөрүнүн эртеңкисине кедергисин тийгизет.  

Маалымат үчүн айта кетсек, бул жигиттер мүчө болгон «Лидер Жаштар Клубу» 2016-жылы «Манас» КТУ бүтүрүүчүсү Надырбеков Союзбек Надырбеков тарабынан катталып, ар кандай коомдук-саясий, социалдык-экономикалык темаларда иш-чараларды өткөрүп келет.  

«Лидер Жаштар Клубунда» биз айткан эки жигиттен башка дагы жарандык активист Улан Үсөйүн, элдик жардам штабынын негиздөөчүсү Урмат Насыкулов, жаш ишкер Тилек Токтогазиев, «PERSPECTIVE» тил мектебинин  негиздөөчүсү Кубанов Нурсултан бар.

Азыркы Кыргызстандагы оор абалда элдин психологиясына доо кетирип,  жакшылык кылуу колунан келбесе да тынч отурбаган мындай ээнбаштарды тиешелүү органдар УКМК, ИИМ көзөмөлгө алып, мыйзамды үйрөтүп, тарбияга чакырып койсо жакшы болмок. Тиешелүү органдар буга окшогон эл бузаар, журт бузаарларды неге байкабайт?

Кыргызбек Самудинов

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button