Чыныгы патриот. АКШдагы кыргыз боордошубуз Кыргызстандагы медиктердин айлыгын төлөөгө даяр

Меценат Эдил Касенов жана Ысык-Көлдөн АКШга ооп барган кыргыздар, Аламүдүн районунун Бирдик айылында иштей турган медиктердин айлыгын төлөп берүүгө даяр. Бул тууралуу ал өзү 24.kg маалымат агенттигине билдирген.
Бул жердешибиз Майамиде (АКШ) жашайт, ал ушул кезде үч кыргызстандык медиктин айлыгын төлөп жатат.
«Дагы үч медикти камсыз кылгыбыз келет. Аларга дары-дармектерди сатып берип, стационар жагынан камсыздоого да жардамдашкыбыз келет. Биз Америкада балдар менен «Ысык-Көл — Кыргызстан» деген топ ачканбыз. Ортого акча чыгарып, мотивация болсун деп Караколдун, Григорьевка, Ананьево жана Комсомол айылдарынын врачтарына 1 миңден 15 миң сомго чейин таратып бергенбиз. Медиктер да оорушат, алар да тамактануулары керек. Азыр курдаштарыбыз менен акча чогултуп жатабыз, чоңураак сумма топтойлу деп. Азырынча $20 миңче чогулттук», — деди ал.
«Сөзсүз эле депутат болуп, элдин акчасына мектеп куруштун кереги жок. Африкада жаша, АКШда жаша, өз өлкөңө пайдаңды тийгиз», — деп тыянактаган ыктыярчы.



