Профессор Мавлянов Абдырахман каза тапты

Узакка созулган оорудан кийин, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз инженердик академиясынын академиги Мавлянов Абдырахман Субанкулович дүйнө салды.
Мавлянов Абдырахман Субанкулович 1947- жылы сентябрда Жалал-Абад областынын Жаңы-Жол районунун(Аксы) Караван (Кербен) кыштагында туулган. 1961- жылга чейин Жергетал орто мектебинде окуган. 1965- жылы Фрунзедеги автожолдор техникумун бүткөн. 1971- жылы Ленинграддагы инженердик-курулуш институтун бүтүрүп, 1975-жылы Ленинграддагы инженердик-курулуш институтунун аспирантурасын аяктаган
1965-66- жылдары — ДЭУ №12 (Жаңы-Жол району) инженер.
1971-75- жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунда окутуучу.
1979- жылы-кандидаттык диссертациясын Ленинградда жактаган.
1979-81- жылы Фрунзедеги политехникалык институтунда улуу окутуучу, доцент.
1981-90-жылдары ошол эле ЖОЖдун «Курулуш материалдарын өндүрүү» кафедрасынын башчысы.
1990-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун Оштогу филиалында директору.
1991жылы Ош жогорку технологиялык колледжге айландырган жана ошол ЖОЖдо проректору.
1993-жылы Жалалабад мамлекеттик университетинин ачуу жумуш комиссиясынын төрагасы.
1994- жылы КМУнун Кыргыз — Америка факультетинин деканынын орун басары.
1995- жылдан 2013-жылга чейин Бишкек финансы экономикалык академиясынын ректору.
2001-2006, 2011-2012- жылдары Кыргыз Республикасынын билим министрлигинин коллегиясынын мүчөсү.
2010-жылдын январынын тартып Россия ЖОЖдорун бүткөргөндөрдүн Ассоциациясынын Кеңешинин төрагасы.
2013-жылдан 2017-жылга чейин КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы.
КР Ардак грамотасы, Билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер ж. б. сыйлыктардын жана ардак наамдардын ээси болгон.



