Пайдалуу кеңештер

Дарбызга уулангыңыз келбесе: тазалыгын үй шартында текшериштин жөпжөнөкөй жолу (фото)

Азыр жайдын саратаны. Жер-жемиштер бышкан кез.Бирок, ошол жер-жемиштин ден соолукка канчалык коопсуз экенин кантип билсе болот? Мисалы, дарбызды?

Жакындадан тартып эле дүкөндө же болбосо базарда сатып алган дарбыздын таза же химикаттарга (нитраттарга) толтура экенин текшериштин эң жөнөкөй жолун билдим. Ага бар болгону бир стакан таза суу гана керек экен.

Эртең менен сатып алган дарбызымды ушундай жол менен текшерип көрөйүн дедим. Анан эмне болду дебейсиңерби?  Дарбызды балдарыма да бербегениме, өзүм да жебегениме аябай кубандым.

Дарбызда химикат (нитрат) бар экенин билиш үчүн анын жумшак жеринен кичине кесип алып стакандагы таза сууга салып, эмне болоор экен деп бир азга байкап туруш керек экен.  

Эгерде стакандагы суу кызгылт, сары же кызыл түскө боелсо, анда аны жегенге болбойт, демек химикаттарга (нитраттарга) толтура, деп айтышат эксперттер.

А кокус стакандагы суу таза, тунук бойдон калса, демек анда  химикаттар (нитрат)  жок, дешет.

Мен эксперттердин айтканындай жасадым. Өзүңөр көрүп тургандай: стакандагы суу кызгылт түзгө боелду: демек, дарбыз химикаттарга (нитраттарга) толтура экен.

Эртеси башка жерден дагы бир  дарбыз сатып алдым да, ошол эле экспериментти жасадым. Стакандагы суу, өзүңөр көргөндөй таптаза бойдон калды, демек дарбыз да химикаттардан (нитраттардан) таза экен.

Мындан ары мен дайыма ушинтип, сатып алган дарбызымды текшерип турууну чечтим. Анткени,  ден соолук бөтөн бирөөнүкү эмес да, өзүмдүкү. Анын үстүнө эч кандай лабораторияны, финансылык чыгымдарды талап этпейт экен.

Ушундай жол менен химия (нитрат) кошуп тез “бышырган” дарбыздарды оңой эле текшерсе болот тура. Болбосо, “дарбыз жеп алып ууланып калдым, ичим өтүп атат” дегендерди канча укчу элем.

FB.ruнун материалдарынын негизинде даярдалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button