Назира Айтбекова «Жылаңач дене уят эмес, каалооңорду аткаргыла, капастан чыккыла» деген чакырык таштады

Белгилүү журналист, блогер Назира Айтбекова интернетке бассейндеги сүрөтүн жүктөп жеке пикирин жазып, коомчулукка жем таштады.
“Жандарым менин, денемдин учу көрүнсө, денеси менен тоскусу келген жандарым менин! Жаманды жуутпай, көкүрөгү менен коргой турчуларым, жакшы көрөм силерди! Биз өтө эле эрежеге чырмалып алып, мыйзамдардын торуна түшүп, көкүрөктүн каалоосун четке кагып жашап келе жатыптырбыз. » Намыс», «Эл эмне дейт», «Уят! » деп атып эле далай бактыбызды садага чаптык! Жалганбы? Кимиңер ушул сөздөн тышкары чыгып, бактыңар үчүн күрөшүп, каалооңорду аткардыңар эле? Денем көрүнгөн сүрөттөр ээн баштык, тентектик, жеңил ойлуулук катары көрүнөр. Мейли, бирок максатым, мээңердин кыртышына жаңы нейрондордун чынжырчасын пайда кылуу, жан дүйнөнүн эркиндигине үндөө, «Каалооңорду аткаргыла, капастан чыккыла!» деген чакырык. Өмүр бою кайталоодон жашообуздун ар бир кадамы, мүнөзүбүз автоматтык көрүнүшкө түшүп, бир нейрондук чынжырчаны өмүр бою кайталап жашайбыз. Ошону туура деп эсептейбиз. Элестеткиле, көнгөн адаттарыңарды өзгөртүп, өзгөчө, ойлонуп көрсөңөр да! Өмүр бою «Жылаңач дене — уят!» деп келе жаткан ойду ыргытып салып, башка нейрондук чынжырчаны түзүп көргүлө. Мисалы, «Искусство», «Сулуулук», «Жаштык» деп көргүлө. Кандай болду? Көкүрөгүмдөгү үн «Кайталанма жашоодон чыккыла, ойгонгула!» деп атат. Элдин канына терең сиңген кайталанма сценарий жаңы доордун сценарийине коошпой турат. Бул силерге жат көрүнүш болгон неме — менин коңгуроом! Көңүлүмдөгү көксөөм, бүгүн түшүнүксүз болор, бирок учуру келгенде менин тереземен да баш багасыңар! Жакшы көрөм силерди!- деп жазды.



