Маданият

Ырчы Анжелика: Эх элим! Ажобуз мага алтын бергендей урушуп жатасыңар!

Жакында эле КР Президенти Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда медиктерге, элге жардам берген ыктыярчылар менен жолуккан эле. Ошондон улам барбай калган айрым ыктыярчылар нааразычылыгын билдиришкен.

Ырчы Алтынай Нарбаева кечээ президент менен жолугушууга барган ыктыярчылардын арасына эмне себептен кошулбай калганын айткан эле. Ал: “Биз чакырылбадык, уюштуруучулар деле, барган жаштар деле улууларды унутуптур…” деп инстаграм баракчасына жазган. Алтынай Нарбаеванын бул билдируүсүнө ырчы Анжелика да инстаграм баракчасынын тарыхча бөлүмүнөн жооп берди:

“Мен Алтынай эжебизге чалып айткам. “Ушундай, ыктыярчылар барат экен”,-деп. “Макул, жакшы барып келгиле” деп эртеси мындай маек бергениңиз кандай? Мен ошол жерде (толук ачыла элек болсо да) ““Апам жана мен” фондунда Алтынай Нарбаева эжебиз чуркап жүрөт, ырчы эжелерден” деп айттым. Мен болгону дары-дармек сурадым элибизге. Же сыйлык, мактоо баракча алдымбы өз атыма? Карантинде азык-түлүккө акча дагы берип, эки-үч жакта чуркап жүргөндөр унчукпашты. Сиз жана Эрнис байке грамота алганда – биз өзүбүз алгандай кубанганбыз”,- деп жазды.

Андан тышкары Анжелика айым “Мен Ак үйдөгүлөргө айттым, эмки чакырылышты Алтынай эжени чакырыңыздар,  балким ал да улуулата Гүлшайыр Садыбакасова эжени сунуштап, Гүлшайыр эже бараттыр деп…

Эх элим! Деги эч нерсе жакпайт экен го. Аман болуңуздар, оорубаңыздар!  Ажобуз мени алтын бергендей урушуп жатасыздар!  Тизмеге өзүм пост жазып атып кирдим,  айттым, кеттим! Баардык фонддон чыктым!  Унчукпай, көрсөтпөй АЛЛАХ үчүн иштей берейин! Кайрымдуулукту 8 жылдан бери жасап келе жатам. Уланта берем жалгыз эле. Урушпагылачы”,- деп жазды Инстаграммдагы баракчасына.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button