Теңир-Тоо жергесинде учурдагы кырдаалга байланыштуу жакшы жылыштар бар

Үстүбүздөгү жылдын 21-июль күнү Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Кочкор жана Жумгал райондоруна иш сапары менен барып келди.
Иш сапардын алкагында аймактагы ооруканалардын абалы, медицина кызматкерлеринин жана бейтаптардын ал-акыбалы менен жеринде таанышты. Өкүл кырдаалга карабастан күнү-түнү кызматта иштеген медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди жана ооруп жаткан бейтаптардын абалы менен таанышып аларга эртерээк сакайып кетүүсүн каалады.

Маалымат үчүн айта кетсек, аталган иш сапар коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык, аймактарда жарандарды кабыл алуучу күндүзгү стационарларды көбөйтүү боюнча берилген тапшырмалардын алкагында аткарылды. Жалпысынан Кочкор жана Жумгал райондорунда 264 жана 318 күндүзгү стационардык кошумча орундуктар даярдалган.
Мындан тышкары дубан башчысы облус аймагына кырдаалга байланыштуу өткөрмө катары коюлган санитардык карантиндик посттордун абалы менен дагы жеринде таанышып кайтты.




