Коом
Фармацевттик компаниялар ооруканаларга 26,8 миллион сомдук дарыларды бекер беришти
Фармацевттик компаниялар Кыргызстандын ооруканаларына 26,8 миллион сомдук дарыларды бекер беришти. Бул туурасында саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармектер жана медициналык жабдыктар департаментинен билдиришти.
Жардам берүү акциясы дагы эле уланып жатат, дешти министрликтен.
«Чогулган дары-дармектер жети областтын ооруканаларына, элдин жана бейтаптардын санына ылайык бөлүштүрүлөт. Отчет ММКларга жарыя кылынат», — деп белгилешти департаментте.



