Коом

Боршайком эл аралык байкоочулар менен иш алып барууда

КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир катар эл аралык жана өкмөттөр аралык уюмдарга шайлоого даярдыктын жүрүшүнө жана анын өтүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн чакырууларды жиберди. Ошондой эле КР Боршайкомунун шайлоолорду мониторинг жасоо боюнча эки тараптуу өз ара карым-катнашы бар шайлоо органдарынын өкүлдөрү да чакырылды.

“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзам боюнча, шайлоону дайындоо чечими расмий жарыяланган соң Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чакырылган эл аралык байкоочулар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитацияланат.
22-июлда КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова менен ЕККУ Бюросунун демократиялык институттар жана адам укуктары (ЕККУ/БДИПЧ) боюнча мониторинг тобунун өкүлдөрү менен биринчи онлайн жолугушуусу болуп өттү.
КР Боршайкомунун чакыруусуна жооп катары БДИПЧ Кыргызстандагы муктаждыктарды баалоо боюнча миссияны (МОП) өткөрүүнү билдирди. МОПтун максаты шайлоо алдындагы абалды жана парламенттик шайлоолорго даярдыкты баалоо болуп эсептелет. Ушул баалоого таянуу менен БДИПЧ алдыда турган шайлоолорго карата ишмердикти баштоосу керекпи, ошондой эле ишмердиктин кайсы түрү пайда болгон муктаждыктарга жооп бере тургандыгы боюнча, МОП сунуш бериши керек.

МОПтун курамына БДИПЧтын шайлоолор боюнча улук кеңешчиси А. Громов, БДИПЧтын шайлоо боюнча кеңешчиси К. Инаишвили жана ЕККУ парламенттик ассамблеясынын программалар жана административдик маселелер боюнча кызматкери М. Салохудинов кирет.
Жолугушууда БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын парламентине дайындалган шайлоого даярдыктар COVID-19 пандемиясынын шартында болуп жаткандыгы жөнүндө маалымат берилди.
БШК ЕККУга мүчөлүк алкагындагы кызматташтыкты жогору баалайт, анын бир бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын демократиялык шайлоо системасын реформалоодогу ЕККУ жана ЕККУ БДИПЧ менен кызматташуу жана алар тарабынан болуп жаткан колдоо эсептелет.

Демократиялык шайлоо институтун өркүндөтүү үчүн өз ара аракеттенүүнүн маанилүү фактору болуп ЕККУ БДИПЧтин мониторинг миссиясы болуп саналат.
Так айтканда 2015-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодо жана 2017-жылдагы КР президентин шайлоодо ЕККУ БДИПЧтин, ЕККУ парламенттик ассамблеясынын жана ЕККУ борборунун, Европа советинин биргелешкен мониторинг миссиясы КР БШКдан аккредитациядан өтүшкөн. Миссиянын ишинин жыйынтыгы менен сунуштар берилип, кыргыз тарап шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүүдө аларды эске алат.

Белгилей кете турган жагдай, 2018-2020-жылдардагы шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясын иштеп чыгуу аракети ЕККУ БДИПЧ тарабынан колдоого алынып, анда 2015-2017-жылдарда өткөн шайлоолордун жыйынтыгы боюнча улуттук жана эл аралык байкоочулардын, жарандардын сунуштары эске алынган. Ша йлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча биргелешкен иш жасалып, анын ичинде сатып алуу, административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу, шайлоолорду финансылоонун ачык болушу жана башкалар боюнча иш жүргүзүлгөн.

Мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн укуктук шарттар, шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгү жана башка маселелер жакшыртылган.
Маалымат үчүн: 2017-жылы өткөн шайлоодо эл аралык байкоодон 725 эл аралык байкоочулар дүйнөнүн 56 өлкөсүнүн өкүлчүлүгү бар 47 эл аралык уюмдардан: КМШ аткаруу комитетинен, Шанхай кызматташтык уюмунан, ЕККУ БДИПЧ, шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынан, шайлоо органдарынын Европа жана Азия ассоциацияларынан, Ислам конференциясы уюмунан, түрк тилдүү өлкөлөрдүн кеңешинен, Х. Зайдель фондунан жана башка жактардан катышкан.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button