Коом
Президент Жээнбековдун кызынын медиктерге жардам таратып жүргөн сүрөттөрү тарады (фото)
Президент Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл Жээнбекова, COVID-19 менен ооруган адамдар жана пневмония менен дарыланып жаткан ооруканалардын медициналык кызматкерлерине тамак-аш жана башка жардамдарды таркатып жаткандагы сүрөттөр интернетке тарады. Сүрөттөрдү социалдык тармактардын колдонуучулары жарыялаганын 24.kg жазып чыкты.

Бактыгүл Жээнбекова кайсы медициналык мекемелерге баргандыгы жана качан келгендиги тууралуу маалымат жазылган эмес.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбековдун эки баласы бар – бир кыз жана бир уул. Бактыгүл Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу менен баш кошкон. Уулу Иман Бишкектеги мектептердин биринде бешинчи классынын окуучусу.




