Коом
Бишкектеги ооруканаларда миңден ашык бош орундар бар. ТИЗМЕ

Саламаттык сактоо министрлиги учурда Бишкектеги ооруканаларда 1377 бош орун бар экенин билдирди.
Күн санап ооруканаларда жаткан бейтаптардын саны азайып жатканы байкалууда. Мындан үч күн мурун 1 190 бош койка болгон, андан бери дагы 185 орун кошулду.
Коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга барып кайрылса болот.
- «Гансидеги» оорукана — 516;
- Улуттук госпиталь — 149;
- Воронцовкадагы санаторий — 181;
- №1 Интернат — 98;
- Интергельпо көчөсүндөгү оорукана — 87;
- Республикалык наркология борбору — 82;
- Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 43;
- №1 Шаардык клиникалык оорукана — 60;
- «Ынтымак» медресеси — 36;
- Темир жол ооруканасы — 17;
- Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 54;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 10;
- Rixon мейманканасы — 16;
- Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 15;
- Discovery мейманканасы — 9.
- Улуттук хирургия борбору — 3;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 1.



