Дүйнө

Монголия менен Кытайдан кийин чума АКШдан чыкты. Тыйын чычкандан жуккан

Эсиңерге сала кетсек, июнь айынын ичинде адегенде  Монголиядан, андан соң Кытайдан чума чыккан. Чума жергиликтүү тургундар  суурдун чийки этин жегенден кийин пайда болгон. Эми болсо чума акыркы беш жылдын ичинде биринчи жолу АКШдан да чыкты. Бул тууралуу Denver Post газетасынын материалына таянып РИА Новости маалымдады.

Чума менен сыркоолоп калган Колорадо штатынын тургунунун саламаттыгы жакшы. Медиктер бейтап чуманын инфекциясын тыйын чычкандан жугузуп алган деп, болжошууда. Анткени, ага чейин эле Колорадо штатынан чума жугузуп алган тыйын чычкан табылган. Ошондой эле, акыркы 15 жылдын ичинде Колорадодо 21 жолу чума катталган деп айтылат, басылманын маалыматында.

Медицинанын  азыркы каражаттарына жана сыркоологондорго өтө ыкчам жардам көрсөтүүнүн натыйжасында көпчүлүгү тез эле сакая башташат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button