Саясат

Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды. Өмүр баяны

Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганын министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

Аталган облусту буга чейин Акылбек Осмоналиев жетектеп келген. Ал эми Түлөбаев Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысы болчу.

Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 1972-жылдын 21-сентябрында туулган.

Билими:

  • 1990-1992 — Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде ветеринардык факультетте окуган;
  • 1992-1997 — Стамбул университетинин (Түркия) токой чарба факультетинен инженер кесиби боюнча билим алган;
  • 2001 — Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде инженер-эколог адистиги боюнча бакалавр даражасын алган;
  • 2009 — КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясында менеджмент адистиги боюнча бакалавр даражасын алган;

Эмгек жолу:

  • 1996-1997 — «Корис интернейшнл» француз-түрк камсыздандыруу ишканасында КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн кызматкери;
  • 1997-2000 — ӨР өкмөтүнүн алдындагы Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун жардамчысы;
  • 2000-2004 — ЖКда депутаттын жардамчысы, парламенттеги Өндүрүш жана бизнести өнүктүрүү комитетинде консультант;
  • 2004-2010 — КР президентинин Иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчисинен тарта биринчи орун басарга чейин;
  • 2010-2013 — «Айат» гезитинде редактор, саясий баяндамачы;
  • 2013-2015 — «АЮ Холдинг» ишканасынын президентинин кеңешчиси;
  • 2015 — «АЮ Холдинг» ишканасынын вице-президенти;
  • 2018 — «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунун башкы директору;
  • 2018-жылдан тарта Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button