Азимжан Аскаровду жерге берүү зыйнаты Өзбекстанда өтөбү?

Өмүр бою эркинен ажыратылып, түрмөдө көз жумган Азимжан Аскаровду жерге берүү зыйнаты Өзбекстанда өтөт. Бул тууралуу журналисттерге «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова билдирди.
Өлүктү союунун жыйынтыгы бүгүн жарыяланат. Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича күйөөсүнүн каалоосун орундатып, аны Өзбекстанда жерге берүүгө ниеттенип жаткандыгын маалымдады.
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын айтымында, каза болгон Азимжан Аскаровдун кесиптештери Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине байланышып, уюштуруу маселелеринде жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышат.
«Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюму түрмөдө каза болгон укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу өкмөттү сотко берүүнү керектигин айтышат, алардын айтымында, Кыргызстандын түрмөлөрүндө күнөөсүз жазасын өтөп жаткан адамдар көп.
Азимжан Аскаров 25-июлда № 47 түзөтүү колониясынын ооруканасында көз жумган.
Эске салсак, Азимжан Аскаров 2010-жылы республиканын түштүгүндө болгон июнь коогалаңында улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкерин өлтүргөн деп айыпталган.
Булак: 24.kg



