Коом

Чолпон-Ата ооруканасынын реанимация бөлүм башчысы Сарбагыш Иманалиев пневмониядан каза болду

Бишкекте Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Бул тууралуу Кыргыз медициналык ассоциациясы билдирди.

Дарыгерге пневмония диагнозу коюлгандыгы такталды.

«Ал профессионал адам болчу, Чолпон-Атадагы көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган», — деп билдирет бирикме.

Сарбагыш Иманалиев бүгүн эртең менен Бишкекте көз жумду. 1961-жылы туулган, 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун медициналык факультетин бүтүргөн. Ал 36 жашын медицинага арнаган.

Ал 59 жашта болчу.

Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button