Казак блогери Кыргызстандын президентинин кыз-күйөөсүнө жолугуп колдорун кыскысы келет (фото)

Казак блогери Руслан Шынтас, Алия Назарбаева менен Кыргыз президенти С. Жээнбековдун кыз-күйөөсүн салыштырып, өзүнүн фейсбук баракчасына төмөнкүдөй пост калтырган:
«Мына накта хандын кызы!
Ириген, чириген саясий система.
Н. Назарбаевдин кичүү кызы Алия жансакчыларынын курчоосунда. Жаш айым өз кол чатырын көтөргөндөн да эринет.


Ал эми бул фотографияларда: Кыргызстандын президентинин кызы күйөөсү экөө стационарларга тамак ташып жүрүшөт, мындай өлкөнүн келечеги бар деп ойлойм.


Кана көп сандаган жансакчылары? Мигалкалары?
Жолугуп, колдорун кысып, жандарына олтуруп жашоо-турмуш тууралуу сүйлөшкүң келет.
Кыргыздарда, буюрса, баары ишке ашат, Бишкек дароо эле курула калган эмес. Жада калса Россиянын падышаларынын кыздары согуш маалында госпиталдарда медайым болуп иштешкен. Алардын (Кыргызстандын президентинин кыз-күйөөсүнүн-ред.) ордуна, оорулуулар үчүн оор сумкаларды көтөрүп баратышкан биздин белгилүү түгөйлөрдү элестетип жатам…»,- деп жазды, казак блогери Руслан Шынтас.

Руслан Шынтастын постуна Казакстандын интернет колдонуучулары өтө көп пикир жазышкан. Көбүнчөсү Алия Назарбаеваны сындап, кыргыз президентинин кыз-күйөөсүнө урматтаарын билдиришкен.
Накта хандын кызы деп кыргыз президентинин кызын атап, ал эми Алия Назарбаеваны ат бакычтын кызы деп жазгандар да бар.




