Кыргызстанда халал эт-паркын ачуу боюнча иш жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги акыркы кезде бир катар эл аралык банктар, эл аралык уюмдар менен ар тармакта иш алып барууда. Экономика министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда халал эт-паркын өнүктүрүүгө кадам жасалып, адегенде бул парктын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн, техникалык жардамга грант алуу боюнча иш башталган.
Бул боюнча 2019-жылы Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам да кабыл алынган.
Бул макулдашуулардын негизги максаты – Кыргызстанда эл аралык стандарттарга шайкеш келген халал эт-паркынын курулушу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо болуп саналат.
Ал эми техникалык-экономикалык негиздемеде төмөнкү компоненттер: суроо-талап менен өндүрүштүк байланыштын анализи; аянтты тандоо жана даярдоо ошондой эле укуктук-ченемдик механизмдер камтылышы керек.
Жогорудагы макулдашууда мындан тышкары жалпысы 380 миң АКШ доллары өлчөмүндө техникалык жардамды Кыргызстанга кайтарып берилбей турган негизде тартуу да каралган. Мунун 280 миң долларын Ислам өнүктүрүү банкы, 100 миң долларын жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясы, ал эми долбоорду иштеп чыгууга кыргыз тарап 50 миң долларлык салымын кошот.
Эми халал эт-паркы деген эмне, ал кандай болушу керек? Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, бул атайын өндүрүштүк зонада негизги жана айлантууга салынган каражаттар этти жана эт продукцияларын, ошондой эле сүт продукцияларын (сүт, сыр, быштак) чыгарууга жана кайра иштеп чыгуу процессине катышат. Халал-парктын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, анда бодо малды, майда малды семиртүүчү атайын аянттар, малды союу алдында ветеринардык кароодон өткөрүүчү карантиндик блоктор, эт жана сүт продукцияларын тоңдуруучу камералар жана өндүрүштүк цехтер жайгашуусу зарыл. Бул парк мындан тышкары чыгымды аз кетирген өндүрүштүк процессти жолго коюп, мындай жагдай калдыксыз технологияларды колдонууга шарт түзөт.
КР Экономика министрлиги бул долбоорду ишке ашыруу үчүн, Ислам өнүктүрүү банкы менен бирге консультациялык кызмат көрсөтүүнүн долбоорун иштеп чыккан, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга арыз берүү үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөр КР Экономика министрлигинин жана Ислам Өнүктүрүү банкынын сайтында 2019-жылдын 24-январында жарыяланган, КР Экономика министри Санжар Мукамбетовдун буйругу менен 2020-жылдын 3-февралында консультация берүүчү компанияны тандоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Халал-парктын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 6 компания арыз берген. 2020-жылдын 19-февралында жогоруда көрсөтүлгөн макулдашууну ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматты сатып алуу боюнча конкурстук комиссиянын биринчи жыйыны болгон. 26-февралда конкурстук комиссиянын экинчи жыйыны болуп, анда өнөктөштөрдүн талабы эске алынып, акыркы чечим кабыл алынган.
КР Экономика министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына өз чечимин жана Кыргызстандагы халал-эт парк долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга консультациялык кызмат үчүн техникалык тапшырманын акыркы үлгүсүн жиберген. Азыркы учурда бул ишти алдыга жылдыруу өнөктөштөрдө калды.



