Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 548 жаңы учур катталып, 28 бейтап каза болду

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 1 091 киши айыкты. Сакайгандардын көбү Бишкек шаары менен Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек — 329;
  • Чүй облусу — 84;
  • Ош облусу—85;
  • Талас облусу — 48;
  • Нарын облусу — 67;
  • Ысык-Көл облусу — 137;
  • Жалал-Абад облусу —195;
  • Баткен облусу —70;
  • Ош шаары — 76.

Өлкөдө ушуну менен коронавирустан сакайгандардын жалпы  саны 22 296 адамга жетти.

Ал эмибүгүн Кыргызстан боюнча 548 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду.

Алардын ичинен  аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 139,
Ош шаарында — 33,
Чүй облусунда — 36,
Ош облусунда — 65,
Талас облусунда — 30,
Нарын облусунда — 36,
Ысык-Көл облусунда — 83,
Жалал-Абад облусунда — 101,
Баткен облусунда —  25.   

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус оорусунан 28 бейтап көз жумду. Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп каза болгондордун саны 1 329 адамга жетти. Бул статистиканын ичинде вирус козгогон пневмония дагы бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button