Дүйнө
Коронавирус тездик менен күчөп жатат. Дүйнөдө жуктургандардын саны 16,4 миллионго жетти

Жер шарын каптаган коронавирус пандемиясы тездик менен жайылып жатканы тууралуу кечээ, 27-июлда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус брифингде билдирди.

«Эл аралык саламаттыкты сактоо эрежелерине ылайык алтынчы жолу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул эң оор илдет болду. Учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда оору жуктуруп алган 16 миллиондон ашык адам жана вирустан каза болгон 640 миңден ашуун адам катталды. Пандемия тездик менен күчөп баратат», — деген Гебреисус.
Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 28-июлга карата, дүйнөдө SARS-CoV-2 жуктуруп алган 16,4 миллион учур катталды. 653 миң адам каза тапты.



