Коом

Шайлоо-2020: Үгүт ишине катыша турган ЖМК жана интернет-басылмалар каттоого алынды

Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларды расмий каттады. Мекеменин маалыматына караганда, 27-июлдагы отурумунда комиссия аларды аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды.

Тизмеге 210 ЖМК жана интернет-басылма кирди. Алардын 57си телекомпания, 52си гезит-журнал, 26сы радио жана 75и интернет-басылма.

Эфир убактысы, басма аянты жана интернет-басылмага жарыялоо укугу үчүн акы төлөө шарттары тууралуу маалымат Боршайкомдун расмий сайтына жарыяланат.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген, БШК алардын бирөөнүн ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоодон баш тартып койгондуктан азыр соттошуу уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button