Саясат

Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчилигине 31 жаштагы Адилет Малдыбаев келди

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Адилет Малдыбаев дайындалды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Жаңы жетекчи Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан.

Малдыбаев 31 жашта, Каракол шаарында туулган. Аталган калаадагы №11 Максим Горький атындагы мектеп-гимназиясында окуган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү.

Буга чейин мэриянын аппаратын Балбак Түлөбаев башкарып келген. Ал кечээ өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button