Коом

Балбак Түлөбаев дүйнө чемпионун өзүнө жардамчы кылып алды


Ысык-Көл областындагы жаңы дайындалган өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев, жекем-жеке беттешүнүн ар кандай түрлөрү боюнча мелдештеринин катышуучусун жардамчы кылып кызматка алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына маалымдады.

Белгиленгендей, 2019-жылы кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугуна ээ болгон Дастан Шаршеев Балбак Түлөбаевдин расмий түрдө жардамчысы болуп жумушка орношту.

«Урматту калайык, Дастан Шаршеев деген жигитти кызматчы кылып алдым. Эми элине кызмат кылсын», — деп жазган ал, фейсбку баракчасында.

Губернатор Балбак Түлөбаев жардамчысы — дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев менен

Дастан Шаршеев 1990-жылы Ысык-Көл областынын Бөкөнбаев айылында туулган. Ал көп жылдар бою Россияда жашап, жекеме-жеке кармаштын ар кандай түрлөрү боюнча мелдештерге катышкан. Профессионалдык кикбоксинг боюнча өткөн 26 мушташта 20 жеңишке жетишкен.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын мурдагы аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандыгына байланыштуу кызмат ордун бошоткон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button