Коом

Дидактикалык материалдар — инклюзивдик мектепте сабак өтүүдө мугалимге олуттуу жардам

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар менен диагностикалык иш жүргүзүүдө, ошондой эле коррекциялык  иштерде дагы Көрсөтмөлүүлүк методдору кеңири колдоноору белгилүү. Жеке коррекциялык иште да, топтук иштөөдө да, активдүү колдонулган методикалардын кеңири спектри бар. Сорос-Кыргызстан Фондунун каржылык колдоосу менен Борбордук Азиядагы Евразия Фондунун экспертик командасы «Инклюзивдик билим берүүдө инновациялык билим берүү технологияларын институтташтыруу» долбоорунун алкагында башталгыч класстарда кыргыз, орус тилдеринде, математика, мекен таануу жана жаратылыш таануу предметтери боюнча сабак өткөрүү үчүн дидактикалык материалдарды иштеп чыгышты.

Материалдарды иштеп чыгуучулардын бири педагогика илимдеринин кандидаты, И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика кафедрасынын доценти Саадат Имманкулова белгилегендей, “Инклюзивдүү билим берүүдө көрсөтмө жана окутуу материалдарын тандоого өзгөчө көңүл буруу керек. Инклюзивдүү окутуу процесси үчүн окуу материалдарынын шайкештигин баалоонун критерийлери төмөнкүлөрдү камтыйт: мазмундук татаалдыгы; визуалдык каныктыруу; шрифт өлчөмү; образдардын тааныштыгы; түстү маанилик колдонуу; баланын оң же сол кол багытына жараша; көп деңгээлдүү (когнитивдик өнүгүүнүн ар кандай деңгээли бар балдар үчүн колдонууга жарамдуулугу) жана материалдардын толук болушу; сөздөрдү колдонуу жыштыгы; эмоционалдык компонент. Бул материалдарды иштеп жатканда биз, визуалдык материалдарды балдардын жеке тажрыйбасына жана кызыкчылыктарына багыттоо өтө маанилүү экендигин эске алдык»

«COVID-19 пандемиясына жана аралыктан билим берүүгө өтүүгө байланыштуу, класстык иштин программасын түзүүдө окутуу жана көрсөтмө материалдарды тандоого өзгөчө көңүл буруу керек»-,экендигин Борбор Азиядагы Евразия Фондунун директору Анара Надирбекова белгиледи. Долбоордун алкагында, Сорос-Кыргызстан Фондунун каржылык колдоосу менен өткөн жылы биздин команда 1 жана 2-класстарга, быйыл 3-4-класстарга материалдарды иштеп чыгышты. Мектеп мугалимдери бизге материалдар үчүн ыраазычылык билдирип, баланын мектепке ыңгайлашуусуна, ошондой эле пандемия учурунда алыстан билим алууга жардам бергени тууралуу айтышты.  Окутуудагы  кыйынчылыктарды жеңүү үчүн, ар бир бала өзүнө ылайыктуу таянычка  муктаж. Демек,   угуу, көрүү жана сезимталдык негизде берилген окуу материалдарын жана окуу ишмердүүлүк түрлөрүн тандап алуу керек. Биздин тажрыйба көрсөткөндөй, бул ыкма ар бир балага таанып-билүү көйгөйлөрүн ийгиликтүү чечүүгө жана алсыз жагынын ордун толтуруунун жолдорун табууга жардам берет».

Дидактикалык материалдар мектепте практика учурунда сабак өткөрүп жаткан студенттердин жана жаңы келген мугалимдердин кызыгуусун жаратты. “Баланын сабакка кызыгуусун жогорулатуу үчүн мен оюн, сюжеттик методдорду колдондум, эмоционалдык түстөрдү акырындык менен өз алдынчалуулукка өткөрүүгө жетиштим”, — дейт И. Арабаев атындагы КМУнун студенти Баяна С.: «1-2-класстарга арналган дидактикалык материалдар мага күзгү практикадагы “Мектеп күнүндө” сабак өткөрүүгө жана балдардын нейродинамикалык бузулуулары анча көрүнбөй турган шарттарды түзүүгө жардам берди, алардын таанып-билүү жөндөмдүүлүгү жогорулап, окуу мотивациясы түзүлдү». “Мен биринчи жана экинчи класста кыргыз тили сабактарында активдүү колдондум. Таблицалар абдан ыңгайлуу, өздөштүрүүгө оор темалар үчүн тандалган ”, — деп Ош шаарынан Роза Баялиева өзүнүн окутуу тажрыйбасы менен бөлүштү. «Менин классымда мүмкүнчүлүгү чектелген эки окуучу бар, эми аларга алыстан окуу кыйынга турат, бирок көрсөтмө куралдар билимин бекемдөөгө жана окуучулардын көңүлүн ушул темага бурууга жардам берет». Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Урмат Калеев материалдарды иштеп чыгуучулардын бири катары өзүнүн каалоосун билдирди: “Бүгүнкү күндө мектеп билим берүү процессин натыйжалуу коштоо үчүн шарттарга муктаж. Башталгыч класстарда балдар менен иштөөдө көрсөтмө окуу куралдары өзгөчө маанилүү, анткени азыркы балдар кабылдоонун визуалдык каналына көбүрөөк көңүл бурушат жана жаңы материалдарды схемалаштырышат. Материалдарды иштеп чыгуучулардын эксперттик жамааты окутуу материалдары мугалимдер тарабынан класстагы ар кандай иштерде, ошондой эле класстан тышкаркы жана үй тапшырмаларында активдүү колдонулат деп ишенебиз. «

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button