Дүйнө

Чукчалар эмне үчүн жуунушпайт? Кычысын кантип кетиришет? (фото)

Чукчалар деген кимдер?                                     

Чукчалар – Сибирдин түндүк-чыгышынын эң четинде жашаган улут. Алектенген жашоо-турмушуна карата алар көчмөндөр, отурукташкан жатакчылар жана жөөлөр болуп бөлүнүшөт. Чукчаларда атамзамандан бери чарбачылыктын эки түрү өкүм сүрөт. Биринчиси – бугу чарбасы, экинчииси – деңизден оокат кылуу. Отурукташкан жатакчы да, көчмөн чукча да өтө жупуну жашашат.

Үй оокаттары негизинен жыгачтан жасалган эң керектүү гана буюмдардан турат.

Соцжеленин колдонуучуларын айрыкча кызыктырган бир суроо бар. Ал – чукчалар жуунушабы, деген. Чукчалар жылына бир ирээт гана жуунушат, же болбосо таптакыр эле жуунушпайт деген кептер өтө көп.

Чукчалар жуунушабы?

Четки Түндүктүн шартында ысык ваннага түшүш, же душка жуунуш – ишке ашпай турган көрүнүш болуп саналат. Ошондуктан илгертен бери эле түндүк аймактын жашоочулары жуунуп көрүшкөн эмес. Чукчаларда адам жуунуп жатканда анын денесинен кубат менен денсоолук  кетет деген ишеним өкүм сүрөт. Буга таң калыштын кереги жок, анткени жылытылган чатырдын ичиндеги температура нөлдөн бир аз өйдө көтөрүлсө көтөрүлөт, көтөрүлбөсө жок. Сууктан сактаныш үчүн чукчалар денесине май шыбоого аргасыз болушат. Май аларды үшүгөндөн, муздагандан сактайт. Майды жууп салышса, алар кычыраган аяздан коргонууга жөндөмсүз болуп калышат. Ушундан улам, чукчалардын эмне үчүн жуунбай тургандыктары түшүнүктүү болот. Бирок, чукчалар денени тазалаштын жолун да ойлоп табышкан.

Жергиликтүү эл мындай ыкма ойлоп табышкан:алар маал-маалы менен бир жерге чогулушуп, денелерин нерпанын майы менен майлашып, отту дуулдата чоң жагып коюшуп, тегерегинде кактанып олтурушкан. Оттун ысыгына ээриген май менен аралашкан кычы жумшарганда, атайын кыргычты колдоруна алышкан. Андан соң  май аралашкан кычыны кырып салышкан.

Чукчалар кычыдын кутулуштун дагы бир жолун ойлоп табышкан.

Четки Түндүктүн эли денесиндеги кычыны кетириш үчүн кылы, түгү, жүнү ичине каратылган териден тигилген кийим  кийишкен. Ушунун натыйжасында кычыны түктүн жардамы менен механикалык түрдө тазалоо ишке ашкан.

Азыркы шартта кандай?

Албетте, техникалык прогресс планетанын цивилизациядан алыс турган бир буручундагы Четки Түндүккө да жетти. Совет бийлигинин мезгилинен тартып эле тундранын элин мончого мажубурлап түшүрүү башталган. Мончого түшүү акырындап бул элдердин ичинен өз ордун тапты.

А азыр болсо бугучулар көчмө мончолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгүне жетишишти. Ошондой эле кичинкей, көчкөнгө ылайыктуу мештерге да ээ болушту.  Албетте бул денедеги кычыны эң жөнөкөй жана ыңгайлуу жол менен тазалоого жардам берет. Бирок, ушундай жетишкендиктерге карабастан Четки Түндүктүн эли, башкаларга салыштырмалуу мончого өтө сейрек түшүшөт. Алар үчүн денесине май шыбоо – катуу сууктан сактоочу жардамчынын милдетин аткарат. Андыктан алар бул процедурадан кол үзүгүлөрү келишпейт.

Чукчалар эмне үчүн тер же колоңсо жыттанбайт?

Ошону менен бирге бул  элдин физиологиялык өзгөчөлүгүнө да маани бериш керек.

Четки Түндүктүн эли өтө сейрек жуунгандарына карабастан, алардан жаман, жагымсыз жыт таптакыр чыкпайт. Түндүктүн элдери дезодорантарга муктаж эмес. Баарынан таң калычтуусу, советтик  бийликтин таасири менен чукчалар регулярдуу түрдө жууна баштагандан тартып, алардын териси жарылып, кан чыга баштаганы тууралуу кептер өтө арбын айтылып жүрөт.

Тундранын элинин кулагынын кулкусу да европалыктардыкынан кескин айырмаланып турат. Эгерде европалыктардын кулкусу жабышкаак, нымдуу болсо, Түндүктүн элдериники аябай кургак келет.

Тыянак

Чукчалардын кантип “жуунушаарын” (май шыбанышып, кычыларын кырышаарын) билгенде көпчүлүк кишилер шок болушат. Күн сайын душка түшкөн адамдар, жумалап сууга киринбей жүрүү деген эмне экенин элестете да алышпайт. Бирок, дүйнөнүн ар түркүн элдеринин физиологиясын, алар жашаган климаттык шартын дайыма эске алыш керек. Чукчаларга күн сайын жуунуштун зарылдыгы жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button