Саясат

Коронавирус илдетинен каза болгондорго «Ата-Бейитте» куран окулду

30-июлда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы өттү. Мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлагандай, маркумдарга багышталып куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, муфтий Максат Токтомушев жана парламент, өкмөт, сот, аскер жетекчилиги катышты.

27-июлда мамлекет башчысы «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу» жарлыкка кол койгон.

Аза күтүү иш-чаралары бүгүн аймактарда да өтүп жатат. Чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туу түшүрүлгөн. Өлкө ичиндеги маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталган.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айынын этегинде башталган. Ошондон бери, расмий эсеп боюнча, бул илдет 35 миңге жакын адамга жукту, алардын 1,5 миңге жакыны каза болду.Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикасына, адатта, ооруканага жаткырылгандар гана кирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button