Эң ишенчиликтүү вакцина жылдын аягына чейин даяр болот. 50-60 доллардан сатылат
Америкалык Moderna компаниясы коронавируска каршы вакцинаны 50-60 доллардын тегерегинде сатылаарын божомолдоодо. Бул туралуу Financial Times басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Американын президенти Дональд Трамп жылдын аягына чейин коронавируска каршы вакцина даяр болоорун жана башка өлкөлөргө да бөлүштүрүлөөрүн айткан. Ошондой эле, бул баа АКШ жана башка экономикасы өнүккөн, жарандардын кирешеси жогору өлкөлөргө коюлмакчы.
«АКШ өкмөтү 600 миллион даана вакцина алуу боюнча Pfizer жана BioNTech деп аталган фармацевтикалык компаниялар менен келишим түзгөн. Алар ар бир дозаны 19,5 доллардан баалап жатат. Демек Moderna компаниясы дагы вакцинанын баасы боюнча ойлонуп көрүшү керек», — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, учурда Россиянын вакцинасы бардык сыноолордон өтүп, даяр болуп калды. 15-августтан тарта жарандарга пайдалануу үчүн чыгарыла баштайт. Адегенде улгайган адамдарга, мугалимдерге жана бир жерде топтошуп иштеген мекемелердин кызматкерлерине сайылат, деп эскерткен, вакцинаны чыгарган орус окумуштуулары. Бирок анын баасы жана кандай негизде берилери тууралуу азырынча маалымат жок.



