Көчмөн кыргыздар деле кычысына эчкинин майын шыбап, миздүү жыгач менен кырып салышчу

Порталыбызга “Чукчалар эмне үчүн жуунушпайт?” деген макала чыккандан кийин, “каяктагы жок нерсени эле жаза беришет экен”, деген кыяздагы пикир да айтыла калып жатат. Чукчаларды мындай коелу, кыргыздын эле кечээки өткөн жашоо-тиричилигине кайрылып көрөлүчү.

Ооба, жүз жылга чамалаган мезгилден бери отурукташып, элинин көбү шаарлашкан, кыштакташкан жашоону башынан өткөргөн кыргыз эли, илгерки, көмөнчүлүк жашоосун дээрлик эстен чыгарып койгону талашсыз. Бирок, айыл жергесинде ушул мезгилге чейин көчмөнчүлүктөн калган жашоо образынын кээ бир деталдары ачык-айкын сакталып келатканын көрсөк болот. Мисалы, суук тийгенде койдун майын шыбап, тумчулап, жылуулап коюу, жылуу тон, күпшүйгөн ичик кийүү, ошол көмөнчүлүк цивилизациясынын бир көрүнүшү болуп саналат.
Биз деле, кечээ эле тоодо өсүп, чоңойгон малчынын балдары, кышкысын “түү” деген түкүрүк жерге түшпөй тоңуп калган шартта жашаганбыз. Ошондой ит өлчү суукта кайсы кыргыз оңчулуктуу жуунсун? Анын үстүнө, кыргыз жайы-кышы боз үйдүн ичинде жашаган. Боз үй жайкысын салкын, а кышкысын… «холодильник».

Биз – кыргыздар, көчмөнчүлүк жашообузду канчалык мактабайлы, жактабайлы, кыштын алты ай бою боз үйдүн ичинде, чукчалардыкындай суукта — кычыраган аяздын алдында турмуш-тиричилик өткөргөнүбүздү кантип танабыз? Ошондой шартта, мурутуна муз тоңуп турган аязда, кайсы кыргыз оңчулуктуу жууна алат? Мончону биякка коелу. Экинчиден, сууктун өзгөчөлүгү ушул – колдун-беттин териси, ээриндер курган, кадимкидей жарылып кетет. Айрыкча колдуку. Анысы аз келгенсип, кыргыз сууктан корунуп жуунбаса, колду ого бетер кычы басат да.

Андайды бала кезде, тоолук кыргыздар, далай жолу башыбыздан өткөргөнбүз. Кечээ эле совет доорунун учурунда, сууктан жарылып-жарылып, кан чыгып, кычы баскан колдорубузду жумшарсын деп, апаларыбыз эчкинин майын шыбап, анан коломтонун жанына ороп-чулгап олтургузуп койчу. Чын эле, эртеси колубуздун кычысы кадимкидей жумшарып калчу. Анын аны миздүү жыгач менен канап ачышыкан жерлерине тийгизбей туруп, кырып салчубуз. Аны биз ошондо ойлоп тапкан жопуз да. Ал кыргыздын жашоосунда, тээтиги эле атамзандан бери келаткан көрүнүш да,

Кийинчерээк, өткөн кылымдын 60-жылдарынын капортосунан тартып “вазелин”, “глицериндер” чыккандан кийин, эчкинин майы менен кычы жумшартканды токтотконбуз. А глицерин кычыңа тийгенде, сууктан жарылган жерлери ачышканда, көзүңдөн кадимкидей жаш куюлчу.
Мурдагысын коелу, Советтер Союзунун учурунда эле биз деле далай ирээт көргөнбүз, саксак койдун терисинен ичик, тон тиктирип, үстүнөн түшүрбөй кийген аталарыбызды. Суук түшкөндө апаларыбыз так ошол аталарыбыздын тонуна, же ичигине бизди ороп-чулгап койчу, же уктаганда сөзсүз ошлорду үстүбүзгө жапчу.

Эми, аяз убагындагы жашоого дагы бир ирээт көз чаптыралы. Кычыраган суукта, очокту айтпай эле коёюн, темир меш да боз үй түгүл сырты таш, ими чымдан дубалы көтөрүлгөн тамдын ичин аз-мас жылытканга чамасы араң жетчү. Көң күйүп бүткөндөн кийин түн ортосунда ойгонсоң, боз үйдү мындай коелу, тамдын ичи кадимики эле “холодильник” болуп калчу. Анан, ошондой шартта, кыргыз деле колунун эле учун ымдаганы болбосо, сууга оңчулуктуу жууганга кантип даайт? Демек, май менен денени шыбоо, саксак койлордун терисинен тон, ичик кийүү, тээтиги Четки Түндүктө, тундрада эмес, аларга салыштырмалуу бир кыйла жылуу жерде жашаган кыргыздарда да өкүм сүргөнүн биле жүрөлү.
Ысмайыл Усупов.



