Пайдалуу кеңештер

Адистин айтканы. Ден соолукка керектүү төрт ичимдик

Алкоголдук ичимдиктерди таптакыр эле зыяндуу деп карабаш керек. Кээ бирлери, ченеми менен ичсе, ден соолукка пайда алып келет. Алар — пайдалуу төрт ичимдик.  Бул туурасында “Здоровье” журналына жарыяланды, деп fiteria.ru маалымат порталы билдирген.

Көпчүлүк адамдар алкоголдук ичимдиктер канткенде пайдалуу болушу мүмкүн, деп түшүнө алышпайт. Бирок, кээ бир ичимдиктер ден соолук үчүн пайдалуу болушу ыктымал. Эгерде ченеми менен ичсе, ушул төрт ичимдиктин ден соолук үчүн артыкчылыгы бар.  

Кызыл шарап (вино)

Кызыл шараптын артыкчылыгы көп. Анынын составында жүрөк менен сөөккө пайдасы бар темир, магний менен калий да болот. Кызыл шарап флавоноиддерге бай болгондуктан кандагы жаман холестеринди азайтып, канды коюлуп кетүүдөн сактап, натыйжада жүрөктүн пристубуна бөгөт болот. Жүрөккө пайдалуулугу анын экинчи себеби. Кызыл шараптын калориялуугу 100 граммга 100 калориядан ашпайт. Эгер аз калория керек десең, анда кызыл шараптын  таттуусу аз сортторун тандашың керек.

Пиво

Пиво дайыма «пиво курсак» менен ассоцияция болот. Бирок, ченеми менен ичсе, бул ичимдик да ден соолукка пайда алып келет. Пивонун заара чыгаруучу эффектти бөйрөктө таштын пайда болушуна бөгөт болот. Ошондой эле, сөөктүн да чыңдалышына пайдасын тийгизет. Ал түгүл аз өлчөмдөгү пиво жогорку кан басымдан жабырлангандарга пайдалуу: жүрөк менен кан тамырлар ооруларына өтүп кетүү тобокелин азайтат.

Таза пиводо көптөгөн антиоксиданттар сакталат, ошондуктан анча чоң эмес бир бокал пиво пайда гана алып келет.

Вермут

Вермутту дары шарап деп аташат. Бул шараптын алкоголу өтө аз, чөптөрдөн жана татымалдан (специи) жасалат. Бир порция вермутка 70тен аз калория туура келет. Вермутту коктейль эмес, таза өзүн ичсе, бир порциясы бир күндүк калориянын нормасынан ашпайт.

Шампан

Шампанды ак жүзүмдөн жасайт, ошондуктан анда ак шараптын касиеттери бар. Ак шарап сыяктуу эле шампан С витаминине жана антиоксиданттарга бай болот. Шампандын калориялуулугу андагы канттын өлчөмүнө жараша. Орто эсеп менен 100 грамм шампанда калория 100дөн ашпайт. Эгерде диетаңыз туура келсе, шампанды  апельсин ширеси менен аралаштырып коктейль кылып ичсеңиз,  фолий кислотасы жана А, В , С витаминдери менен байыйт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button