ММК: Александр Лукашенко инфаркт болду. Байланышка чыкпай жатат

Бышыкталбаган маалыматтарга караганда Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко инфаркт болгон. Бул тууралуу бүгүн 1-августа, Белоруссиянын массалык маалымдоочу каражаттары (ММК) билдирип жатышат, деп 1-августа REGNUM инфрмациялык агенттиги маалымдады.
Лукашенко бир нече күн мурда инфаркт болгон деп айтылып жатат. Президенттин администрациясы анын катышуусунда боло турган баардык иш-чараларды токтотту, а пресс-кызматы шашылыш түрдө эски видеокадрларды издеп жатат — президенттин активдүүлүгүн көрсөтүш үчүн.
Бул маалымат расмий бышыктала элек.
Белгилей кетсек, Белоруссиянын президентин шайлоо алдында (9-августта өтүш керек) соцжеледе Лукашенконун ден соолугунун начаралап кеткени туурасында каңшаар тараган.
Аскер адамдары менен жолукканда Лукашенко коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, иштеп жүрүп эле айыкканын өзү айткан. Расмий бир жыйында Лукашенко колун таңып алып олтурган.



