Коронавирус. Акыркы суткада 410 адамдан аныкталып, 11 бейтап акка моюн сунду

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 653 бейтап айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, бир суткада сакайгандардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда.
Бишкек — 167;
Ош шаары — 29;
Чүй облусу — 201;
Ош облусу — 77;
Талас облусу — 42;
Нарын облусу — 7;
Ысык-Көл облусу — 69;
Жалал-Абад облусу — 40;
Баткен облусу —21.
Кыргызстанда кечээтен бери 410 адам COVID жуктуруп алганы аныкталды.
Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда катталды:
Бишкек – 94;
Ош облусу – 79;
Ысык-Көл облусу – 66;
Ош – 47;
Жалал-Абад облусу – 37;
Баткен облусу – 34;
Чүй облусу – 33;
Нарын облусу – 12;
Ушуну менен өлкөдө COVID жуктуруп алгандардын жалпы саны 37 129 адамга жетти.
Акыркы сутка ичинде коронавирустан 11 адам каза болду. Жалпы каза болгондор — 1420 адамга жетти.



