Кыргызстанда 412 адамдан илдет аныкталды. 816 бейтап сакайды
Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 816 бейтап айыкты. Бул тууралуу брифингде КР саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, бир суткада сакайгандардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда.
Бишкек — 217;
Ош шаары — 39;
Чүй облусу — 93;
Ош облусу — 56;
Талас облусу — 64;
Нарын облусу — 20;
Ысык-Көл облусу — 110;
Жалал-Абад облусу — 158;
Баткен облусу —59.
Жалпы айккандардын саны 28 миң 743 адамга жетти.
Кыргызстанда кечээтен бери 412 адам COVID жуктуруп алганы аныкталды.
Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда катталды:
Бишкек – 114;
Ош облусу – 39;
Ысык-Көл облусу – 41;
Ош – 43;
Жалал-Абад облусу – 70;
Баткен облусу – 30;
Чүй облусу – 37;
Нарын облусу – 21;
Талас -17.
Өлкөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 37 541 адамга жетти.
Акыркы сутка ичинде коронавирустан 7 адам каза болду. Жалпы каза болгондор — 1427 адам.



