Шайлоо-2020. «Чоң казат» саясий партиясы Боршайкомдун эскертүүсүн алат

Соопчулук иштерди жасап жаткандыгы үчүн «Чоң Казат» саясий партиясы эскертүү алат. Бул туурасында 24.kg маалымат агенттигине Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирген.
Анын сөзү боюнча, жумушчу топ бул маселени шайлоо комиссиясынын жыйынында кароону сунуштады. Боршайкомдо, бул партия бир катар мыйзам бузууларга жол берди дешет. Маселен, бул партия соопчулук иштерин жасап жатат. А мыйзам боюнча шайлоо компаниясынын баардык этаптарында буга тыюу салынган. Мындан тышкаары, партиянын маалынан эрте агитация баштаганы билинди – соцжеледе саясий уюмдун шайлоо фондунан төлөнбөгөн рекламалык маңыздагы видеоролик көрсөтүлүп жатат.
Мурдараак маалынан эрте агитация баштаганы үчүн «Бирик» жана «Реформа» партиялары да эскертүү алышкан. Соопчулук иштерин жасап шайлоо мыйзамын бузгандыгы үчүн бир дагы саясий бирикме буга чейин жоопкерчиликке тартылган эмес. «Чоң Казат» партиясы бул жагынан эскертүү ала турган биринчи саясий уюм болуп калат.
Боршайком, агитация 4-сентябрдан башталаарын эскертет. 20-августка чейин партиялар съезддерин өткөрүшүп, депутаттыкка кандидаттардын тизмесин түзүүлөрү керек. Тизмелер квотанын талабын эске алуу менен түзүлүшү зарыл.



