Коом

Ооругандар азая баштады. Бишкекте жети стационар ишин токтотту

Бишкекте ооруп кайрылгандардын саны азайгандыктан, жети стационарды азырынча жаап туруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

«Стационарлар ачылгандан бери кечээ эң аз сандагы оорулууларды кабыл алды. Күндүз – 964, 5-августка караган түнү 173 гана бейтап кайрылды. Андыктан киши өтө аз же таптакыр жок стационарларды күз-кыш мезгилине карата күч, каражатты үнөмдөө үчүн жаптык», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Алар:

  • «Сейтек» мектебиндеги стационар;
  • №95 мектептеги стационар;
  • №83 мектептеги стационар;
  • №81 мектептеги стационар;
  • №94 мектептеги стационар;
  • «Арал» кафесиндеги стационар;
  • Кара-Жыгач жаңы конушундагы «Салтанат» ресторанындагы түнкү стационар.

Калгандары штаттык режимде иштеп жатат. Аларда шаардыктарга 40 дарыгер, 50 медайым, 30 санитар жана ыктыярчылар жардам берип жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button