Лукашенко Россияда «Владивостокко чейин өрт чыгарам, кыйын болот» деп коркутуп жатат

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Россияга «курал бере коюп, өлкөдөгү абалды курчутпагыла», болбосо биз дагы чараларды кабыл алабыз ошондо Владивостокко чейин кыйын болуп калат, деп эскертүү берди. Муну ал, белорусь элине кайрылуу учурунда билдирди, деп «Белта» мамлекеттик маалымат агенттиги маалымдаганын “Ведомости” жазып чыкты.
«Биз бир тууган кишилербиз — белорустар, украиндер, россиялыктар, поляктар, еврейлер. Биз бул жерде дайыма тынч жашап келгенбиз, курал бере коюп, өлкөдөгү абалды курчутпагыла, болбосо Владивостокко чейин өрт чыгат», — деп айтты Лукашенко. Өз сөзүндө Белоруссияга Россиядан боевиктердин отряды жиберилгенин билдирди. «Бүгүн дагы бир жаңы маалымат келди, бир отряддын түштүккө жиберилгени тууралуу. Бизде түшүм жыйналып жатканда аларды токойдун арасынан кууп жүрүп кармашыбыз керек экен да! Баарын кармайбыз»,- Александр Лукашенко , Белоруссиянын президенти.
Эске сала кетсек, 29-июлда Вагнердин аскерлешкен тобу деген 33 росссиялыкты, Стамбулга бараткан жеринен Белоруссиянын атайын кызматтары кармап алып, Лукашенко “булар өлкөнүн стабилдүүлүгүн бузуу үчүн жиберилген боевиктер”, -деп ызы-чуу түшүрө баштады.
Бул окуяга карата Россиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарава: “Алардын күнөөсү эч нерсе менен далилденген жок, биз аларды коргоп алганга күчүбүз толук жетет, Минскиде муну эң сонун билишет”, -деп Белоруссия бийликтерине катуу эскертүү жасады.

Лукашенконун бул ызы-чуусу президенттик шайлоо алдындагы «саясий спектакль» деп, жазып жатышат, эксперттер.



