Саясат
Темир Сариев менен Өмүрбек Текебаев ажырашып тынды

5 – июнь күнү чоң шаан-шөкөт менен бириккен Темир Сариев менен Өмүрбек Текебаев ажырашып тынды.
Себептери шайлоодогу тизме. Темир Сариев Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Конушбаев, экс аким Аманкан Кенжебаев болуп тизмеге киришкен. Саясатта достук жок, кызыкчылык гана болот дегендей, Сариевдин Текебаевди неге таштап баса бергени учурда такталууда.
Бул альянстын кулашына негизинен шайлоодогу тизме жана фондко түшчү каражат себеп болгону айтылууда. Мисалы бизнесмен депутат Тынчтык Конушбаев Чүй обласын каржылап, андан тышкары фондко миллион доллар төкмөк. Текебаев болсо бул каражат аз, дагы кошкула деп талап кылган экен.



