Коронавирус. 549 адамдан аныкталып, 9 бейтап каза болду

Өткөн суткада Кыргызстанда дагы 589 бейтап коронавирустан сакайып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Бишкек – 104
Ош шаары – 55
Чүй облусу – 84
Ош облусу – 98
Талас облусу – 15
Нарын облусу – 27
Ысык-Көл облусу – 76
Жалал-Абад облусу – 68
Баткен облусу – 62
Жалпы айыккандардын саны — 30 099.
Кыргызстанда акыркы суткада 549 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны 38 659га жетти.
Аймактар боюнча:
Бишкек — 162
Ош – 81
Чүй облусу – 38
Ош облусу — 71
Талас облусу – 36
Нарын облусу – 12
Ысык-Көл облусу – 45
Жалал-Абад облусу – 44
Баткен облусу — 60
Акыркы сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан тогуз адам каза болду..
Жалпы каза болгондор — 1 427.



