Врач күзүндө коронавирус менен оорубаш үчүн эмне кылуу керек экенин айтты. Өтө маанилүү

Быйыл күздө сезондук гриппке каршы сөзсүз эмдетиш керек. Мындай иш-чара коронавирустун пандемиясынын учурунда медициналык системага түшө турган жүктү азайтат. Бул туурасында «РИА Новости» маалымат агенттигине берген интервьюсунда, Тель-Авивдин «Ихилов» ооруканасынын коронавирус бөлүмүнүн башчысы Гай Хошен айтты.
«Сезондук грипптен сактоого жардам бере турган жападан жалгыз мүмкүнчүлүк — эмдөө. Мамлекет (Израиль — ред.) азыр гриппке каршы вакцинаны өтө көп өлчөмдө сатып алып жатат, бул жердеги маанилүү жагдай — буйрук түрүндө адамдарды эмдөөгө милдеттендириш керек», — деди врач.
ОРВИ менен грипптин сезондуу жайылышы пандемияга кошул-ташыл болушу ыктымал, а алардын симптомдорун иш жүзүндө айырмалаш кыйын, деп эскертти Хошен.
Медиктин сөзүнө караганда, күз айларында «абал азыркыдан да татаал болот», оорукананын ичинде аларды бири-биринен айырмалаш кыйынга турат.
Бир аз мурдараак Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, коронавирустун оор формасы менен сыркоологондордун санын азайтыш үчүн, өлкөнүн баардык аймактарына грипптин вакцинасын жеткирүү пландаштырылганын билдирди.



