Шок кылчу салт: Камчатканын кээ бир эли аялдарын мейманга салып беришет

Ар бир динде аялдын күйөөсүнүн көзүнө чөп салганы чоң күнөө деп эсептелет. Бирок, түндүктө, цивилизациядан алыс жашаган кээ бир элдерде, бүгүнкү күнгө чейин келген мейманга аялын салып берүү салты сакталып калган. Бул туурасында Zen.yandex.ru жазып чыкты.
Көзгө чөп салуу эмес — белек
Жок, аялы мейман менен үйдүн эч ким көрбөгөн бир жерине барып жашынбайт. Күйөөсү өзү, келген мейманга аялы менен убакыт өткөрүүсүн сунуштайт. Кызганыч жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Баарынан кызыгы бул салт байыркы замандардан бери уланып келе жатат.
Арнольд ванн Геннеп деген изилдөөчү өзүнүн «Өткөөл учурдун ырымдары» деген эмгегинде меймандостуктун ушул жагын да жазган. Мындай салт чукчалар менен коряктарда сакталып калган. Изилдөөчү мурда мындай байланыштар (сексуалдык жагынан дагы) элдерге бири-бири менен алакага жана соода-сатыкты жөнгө салууга жардам берген деп белгилейт.
Бирок, аялын мейманга убактылуу сунуштоонун башка мааниси бар деп санайт иликтөөчү. Адатта бул салттын чыныгы мааниси терең. Ал биринчи кезекте уруунун “канын жаңыртууну” көздөгөн. Анткени, аз сандагы элдердин арасында жакын туугандары менен никеге туруу сейрек көрүнүш эмес. Андай никеден туулган балдар күчтүү жана саламаттыгы чың болуп төрөлөөрүнө күмөн чоң. Кайсы эл жер бетинен жоголуп кетүүнү кааласын. Ошондуктан Камчатканын түндүгүндө жашаган эл сакталып калыш үчүн ушундай “курмандыкка” барышкан.
Баш тартуу кабыл алынбайт
Бирок, бул жерде “курмандык” деген сөз таптакыр туура келбейт. Байкуш күйөөсү мындай кадамга жүрөгү мыкчылып барат экен деп ойлобош керек. Тескерисинче – күйөөсү мейманга бүт баарын сунуштоону табигый көрүнүш деп эсептейт. А аялы – үй ээсинин баарынан кымбат баалуусу, эгер мейман андан (аялынан) баш тартса, мындай “белекти” албаганы үчүн күйөөсүнө өтө катуу тиет.
Саякатчылар Камчатканын алыскы жерлериндеги турак жайларда болушуп, андай учурлар жөнүндө билээрин жазышкан. Эгер мейман үй ээсинин сунушун кабыл албай, аялынан жийиркенсе (чукчанын уургаачылары балитирээк келишет), анда эртең менен меймандостукту баалай албаган андай конокту үй ээси көчүккө тээп кууп чыгып, экинчи биякка келбөөсүн эскертет.
Бул салт, ушул азыр да кээ бир жерде — Камчатканын түндүгүндөгү элдерде сакталып калган.
(Уландысы бар).



