Коом

Кыргызстандык балбан Россияда атып өлтүрүлдү

Россиянын Ингушетия Республикасынын Назран районундагы антитеррордук операция учурунда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын атынан Азия чемпиону болгон 25 жаштагы Муслим Евлоев атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн 7-августка караган түнү болгон. Анда Муслим Евлоевдин үйүнө коопсуздук күчтөрү террордук кылмыштарды жасоого ниеттенген куралчан адамдар бар болушу мүмкүн деп келишкен. Жыйынтыгында атышуу болуп, Евлоев өлтүрүлгөн.

Муслим Евлоев эл аралык даражадагы спорт чебери болчу. Ал 2015-жылдан бери күрөш боюнча Кыргыз улуттук курамасынын катарында болчу. Бул убакыт аралыгында ал Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында жана Стамбул шаарында өткөн “Яшор Догу” эл аралык турниринде жеңишке жеткен. Евлоев 2017-жылы Индияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга жана 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button