Кандын анализин алуунун жаңы методикасы, рак баштала электе эле аны 4 жыл мурда аныктайт

PanSeer (панцирь) деген ат алган бул методика онкологиялык оорулар менен күрөшүүдөгү революциялык жол болуп калат. Бул тууралуу Nat-geo.ru маалымат порталы жазып чыкты.
Кытай-америкалык стартаптын тестти, текшерүүдөн өткөн кишилердин 91%инин онкологиялык илдетке кириптер болоорун алдын ала аныктаган. Ырастан эле, ал адамдар канга анализ бергенде оорунун белгилери билинбей, бирок бир жылдан төрт жылга чейинки аралыкта ашказан, кызыл өңгөч, мөөн, өпкө, боордун рагына чалдыгышкан
Изилдөө үчүн алынган кандын үлгүлөрү, иликтөөнүн алкагында Кытайдагы Фудань Университетинде 2007- 2017-жылдары жыйналган. Ага 120 миң киши катышышкан. Алардын ар бири он жылдын ичинде жыл сайын канга анализ тапшырып, регулярдуу түрдө врачтардын текшерүүсүнөн өтүп турган. Ушул аралыктын ичинде 1,6 миллиондон ашык үлгүлөрдү чогултушкан. Алар университеттин архивинде сакталып турат. Иликтөөнүн уникалдуулугу – онкологиялык ооруга чалдыккандардын аларда рактын диагнозу коюлганга чейинки традициялык метод аркылуу алынган каны менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Иликтөөчүлөр 605 симптомсуз адамдардын плазмасынын үлүгүлөрүнүн анализин алышкан. Аладын 191 бирине кийинчерээк рактын диагнозу коюлган, 223 рак менен ооруган байтаптарда онкологиялык оорунун диагнозу аныкталган, ошондой эле 200 үлгүсүндө биринчи шишик жана нормалдуу ткань чыккан. Бул натыйжалар окумуштууларга рактын эрте өнүгүүсүн аныктоочу тестти иштеп чыкканга жардам берген. Мындан сырткаары тест, соо адамдарда 95%ке чейинки тактык менен рактын белгилери жок экенин да аныктаган.
«Башкы максат, жыл сайын өтүүчү медициналык текшерүүлөрдө регулярдуу түрдө ракка карата кандын анализин жасап туруу. Бирок, эң биринчи максат, үй-бүлөөлүк тарыхынын негизинде жогорку тобокел тобуна киргендерди, жашына байланыштуу жана ошондой эле дагы башка тобокелдүү факторлорго тиешеси барларды текшерип туруу», — деди, иликтөөнүн соавтору жана Сан-Диегодогу Калифорния университетинин биоинженерия бөлүмүнүн жетекчиси Кунь Чжан.
Окумуштуулар бул методика врачтарга ракты жаңыдан эле башталганда дарылоосуна жардам берээрине ишенишет.



