Коом

Коронавирус. 425 адамдан аныкталып, 9 бейтап каза болду

Өткөн суткада өлкө боюнча 517 адам коронавирустан айыкты. Ошол эле учурда 425 бейтапта коронавирус инфекциясы табылганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Акыркы суткада коронавирус жана ал козгогон пневмония төмөнкү жактарда катталган:

  • Бишкек шаарында — 124;
  • Ош шаарында — 31;
  • Чүй облусунда — 36;
  • Ош облусунда — 47;
  • Талас облусунда — 7;
  • Нарын облусунда — 16;
  • Ысык-Көл облусунда — 41;
  • Жалал-Абад облусунда — 78;
  • Баткен облусунда — 45.

Марттан бери Кыргызстанда вирус жуктургандардын саны 39 587ге жетти.

Акыркы сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан тогуз адам каза болду. COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Баткен облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1.

Тилекке каршы, каза болгондордун жалпы саны 1460ка жетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button