Кытайда жаңы коркунучтуу вирус тарай баштады. 60 киши ооруп, 7 бейтап көз жумду

Кытайдын бир нече аймактарында жаңы SFTS деген ат берилген коркунучтуу вирус тарай баштады, деп маалымдады Global Times газетасы. Бул туурасында «Известия» кабарлады.
«Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясында ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында SFTS Virus менен 37 киши ооруган; а кийинчерээк ошол эле чыгыш тараптагы Аньхой провинциясында дагы 23 кишиден инфекция табылган», — деп айтылат статьяда.
Булардын ичинен жети киши көз жумган.
Вирустун белгилери катары медиктер калтырап-титирөөнү (лихорадка), жөтөлдү, канда лейкоциттердин жана тромбоциттердин азайып кетишин белгилешкен.
Врачтар бул вирус адамга кене чакканда өтөт деп эсептешет. Бирок ошол эле учурда инфекция адамдан адамга өтөөрүн да жокко чыгарууга болбойт деп жазат «Газета.ру».
Вирусологдор бул ооруну козгогуч мындан тогуз жыл мурда билингенин жана ал кыраркалууларды, манжалуу буттууларды ошондой эле өсүмдүктөрдү жабырланта турган буньявирустардын тобуна кирээрин аныкташкан.



