Дүйнө

Бүгүн, Белоруссияда президенттик шайлоо. Уюлдук телефондорду иштетпей, өчүртүп салды

Бүгүн, 9-август жекшемби күнү Минскте интернет, мобилдик байланыш жана стационардык телефондордо байланыш өчүрүлөт. Бул тууралуу, “Московский комсомолец” жазып чыкты.

Гезиттин корреспонденти менен маектешүүдө Беларуссиянын уюлдук компаниясынын кызматкери президенттик шайлоо күнү Минск шаарындагы баардык байланыштарды токтотуу жөнүндө буйрук алгандыгын айтты. “Мындан тышкары, шаардын борборунда гана эмес, шаардын четинде да байланыштар да үзүлөт”,- дейт булак.

Ал кошумчалагандай, буга чейин Белоруссиянын президенттигине талапкер Светлана Тихановскаянын Минск элдеринин достугу паркында өткөн митинг учурунда байланыш үзгүлтүккө учураган.

Белоруссияда президенттик шайлоо 9-августта өтөт. Учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко алтынчы мөөнөткө ат салышууда. Камакка алынган блоггер Сергей Тихановскийдин жубайы Светлана Тихановская дагы талапкер катары катталды. Президенттикке дагы бир талапкер, Белгазпромбанктын экс-башчысы Виктор Бабарико жүздөгөн миллион долларды чет жакка өткөрүп берүү максатында кылмыштуу топ түзгөн деген айып менен камакка алынды. Үчүнчү альтернативдүү талапкер, Hi-Tech паркынын негиздөөчүсү Валерий Цепкало саясий куугунтуктан коркуп, Белоруссиядан чыгып кеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button