Белоруссияда миңдеген шайлоочулар протест кылышып, митингдерге чыгышты (фото)

9-августа Белоруссияда президенттик шайлоо өттү. Алдын ала алынган жыйынтыктар боюнча алтынчы жолу катары менен президентикке талапкерлигин койгон Александр Лукашенко 81,35% добуш алган (Тихановская 8%). Муну менен макул болбогон шайлоочулар бүтүндөй Белоруссия боюнча санкцияланбаган митингдерге чыгышып, күч органдары менен кагылышууга чейин барышты. Күч органдары митингге чыккандарды күч менен кууп таратуу үчүн атайын каражаттарды колдонушту. Минскинин өзүндө күчтүү жарылуулар болду. Бул тууралуу «Известия» билдирди.
Президенттикке талапкер Светлана Тихановская Белорусь элине, митингге чыкккандарга жана милиция менен аскеге кайрылып, күч органдары да белорусь элинин бир бөлүгү экенин айтты. Ошону менен бирге өзүнүн шайлоочуларын провокацияга алдырбай, күч органдарына күч колдонууга шылтоо бербегенге чакырды.
«Мен билем, эртең белорустар жаңы өлкөдө ойгонушат, ишем, эртең жалаң жакшы гана жаңылыктар болооруна. Суранам, зомбулукту токтоткула. Биринчи кезекте, офицерлер, мен билем, бул силердин колуңардан келет», — деди саясатчы.









