Пайдасы жок тажрыйба же бийликтен кетпөөнүн сырыбы?

Үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкекте Өзгөчө абал режими алынып, эл тездик менен “жай турмушка” сүңгүп кетти. Айрымдар той өткөрүп, кээ бирлер чоң кафелерге куран окутуу аземин да өткөрө баштаган. Ошондой куран окутуу аземдердин биринде, “Кактус Медиа” сайтынын журналисти барып, кафеге эл көп келгенин, санитардык эреже сакталбаганы тууралуу тарта баштаганда, аны куран окуткан чондун жансакчысы видеого тартуусуна тоскоол болуп, журналисты күч менен бир топ жерге чейин сүрүп барат. Журналистке болгон зомбулукту ошол жерден машине менен өтүп бара жаткан милиция да жардам кылбай кетип калган. Ошол маалда, камерага кокус Жогорку Кенештин депутаты, Аалы Карашев да түшүп калган. Азыр адамдардын кош көңүлдүгүнө таң калуунун деле кереги жок. Бирок, депутат бул бийликтеги элдин өкүлү. Журналистке көргөзүлүп жаткан басымды көрүп туруп, эмне болуп жатканын териштирип, журналистке депутат катары болушкандын ордуна, Аалы мырза жүзүн камерадан жашырып, качканга шашты. Жаш жигитке, болушканды кой, бир-эки колдоо сөзүн айтып койгонго жарабаган депутатты ким дейбиз?
Аалы Карашев, тажрыйбалуу, бир да күн бийликтен алыс жүрбөгөн инсан. Албетте, иштин көзүн билген мамлекеттик кызматкерден өлкө үчүн алып келген пайдасы эбегейсиз болушу мүмкүн деп ойлошуңуз мүмкүн урматтуу окурман. Бирок, териштире келсек, элдин эсинде калган деле иштери жөнүндө маалымат дээрлик жок.
Мамкызматта карьерасын 1998-жылы өкмөттүн жана президенттин аппараттарында баштап, ошондон бери жалаң жетекчи кызматтарды гана аркалап келет.
Мисалы, 2009-жылы, биринчи вице-премьер-министр болуп турганда, айрым гезиттер аны шаар мэрлери менен губернаторлордон акча чогултуп, Сулайман тоонун сүрөтү түшүрүлгөн бир килограммдык салмактагы алтын куймасын ошо кездеги президент Курманбек Бакиевдин туулган күнүнө белек кыганын жазып чыгышкан. Бул маалыматты Карашев тастыктаган дагы эмес, четке да каккан жок.
Маалында, “Ата-Журт” партиясынын өкүлү Нурлан Шакиев, Аалы Карашевге, анын кандай бийлик болбосун тил табышып кеткени тууралуу “Азаттык” радиосуна төмөнкүчө мүнөздөмө берген:
-Анын үч бийликте тең, жогорку кызматтарды ээлеп тургандыгы, анын куулугу менен тил табыша алгандыгында болушу мүмкүн. Адамда принцип деген болуш керек. Кандай бийлик болгонуна карабай, аны менен иштей билүү, бул ошол принциптин жоктугун айгинелейт. Ошол эле маалда мен Карашевди мамлекетчил катары билем. Ал мамкызматты жакшы өздөштүрүп алган жетекчилердин бири, көйгөйлөрдү кандай жол менен болсо да чечүү ыкмаларынн билет. Эми мындайды келесоо деле жакшы өздөштүрүп алат, эгер көп жыл иштесе, — деп өз ою менен бөлүшкөн.
Аалы мырза кээде катуу да сүйлөп, бийликти сындап да коет. Бирок бул анын чын ниеттен чыккан эмоциясы эмес, а керектүү толкунду кармап алганы деп билсек туура болчудай. Себеби, чындап бийликтин кетирген каталарын айтып чыкканда, баардык бийлик менен иштей алмак эмес.



